14.08.2018 14:41

УКМК дары-дармек контрабандасынын алдын алды

УКМК дары-дармек контрабандасынын алдын алды

УКМК кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистандан Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек продукциясын контрабандалык жол менен ташуунун алдын алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

2018-жылдын 5-августунда Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айыл аймагынан  1953-ж.т «М.А.» аттуу Баткен облусунун Лейлек районунун тургунунун башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер-311» үлгүсүндөгү бус кармалган. Транспорт каражаттарын текшерүү учурунда белгисиз сапаттагы 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылып алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, кармалган жүк Кыргыз Республикасынын аймагына бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн контрабандалык жол менен ташылып келгендиги жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин органдарынан тиешелүү сертификат алынбагандыгы аныкталды.

2018-жылдын 13-августунда бул факт боюнча УКМК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүмү (контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө жүрүп жатат. 

 

 

--